Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Бишкекке келди

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон 22-апрелде Бишкекке келди. «Манас» эл аралык аэропортунда аны тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов тосуп алды.

Британ Тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон визит учурунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугат. Ошондой эле тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Бул британ тышкы иштер министринин Кыргызстанга алгачкы келиши.

Кэмерон ушул аптада Борбор Азиядагы беш өлкөнү жана Монголияны кыдырары айтылган. Ал Кыргызстанга Тажикстандан келди.

Былтыр 28-29-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Лондонго барып, отуздан ашык иш-чарага катышкан. Кыргыз делегациясы Дэвид Кэмерон, британ парламентинин депутаттары жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолуккан.

Британ өкмөтү 2024-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери менен С5+1 форматында саммит өткөрүү тууралуу планын былтыр декабрда жарыяланган. Даунинг-стритке даярдалган докладдын авторлору британ өкмөтүн Борбор Азия чөлкөмүндө Орусия менен Кытайдын таасирине атаандаш боло албай жатканы үчүн сындаган.

Былтыр С5+1 форматындагы бир нече саммит өттү. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон чөлкөмгө келип кеткен.

Токио чөлкөмдүн өлкөлөрүн Чоң жетинин «маанилүү өнөктөштөрү» деп атап, 2024-жылы «Борбор Азия + Жапония» диалог саммити өткөрүлөрүн тышкы иштер министри Ёко Камикава былтыр ноябрда айткан.