Жалал-Абад облусунун Киров – Өрнөк – Дөдөмөл унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда аталган жолдун узундугу 870 метрди түзгөн бөлүгүндө асфальт төшөлдү. Ал эми жалпысынан 2 чакырым аралыкка асфальт төшөө иштери пландалууда.
Иштер “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылууда.