Баткен облусунда бензинди өндүрүү боюнча ири завод курулуп жатат. Бул тууралуу Кабар агенттиги президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнө шилтеме келтирип билдирет.
Объект Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында пайда болот. Заводдо 92- жана 95-үлгүдөгү бензин, дизелдик отун, битум, газ жана унаа үчүн май өндүрүү пландалууда. Ишкана күнүнө 500 тонна мунайды кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ болот. Ал ушул жылдын июнь айында ишке кирет.