Чүй облусунда 29 подстанцияда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, андан тышкары, 126 подстанция жаңыртылып, 2 миң чакырымдан ашык электр өткөрүү линиялары калыбына келтирилет.
Иштер келе жаткан күзгү-кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүү жана керектөөчүлөргө сапаттуу электр энергиясын берүү максатында жасалууда.