Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,2 миллиард кубометрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,2 миллиард кубометрди түздү. Бул тууралуу “Электр станцияларынын” басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 283 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 240 куб метрди түзүүдө.

 

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.