Бүгүнтөн тарта Бишкекте №166 автобус каттай баштады

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №166 автобус каттай баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген.

 

Линияда 20 автобус бар, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

 

Белгилеп кетсек, акырындык менен ордо калаада бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.