Бишкектин Матросов көчөсүн оңдоо иштери жанданды

Бишкектин Матросов көчөсүн оңдоо иштери жанданды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

 

Учурда аталган көчөнүн Кулатов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери уланууда. Жолдун негизин даярдоо жана асфальтбетон аралашмасын төшөө пландаштырылып жатат.