Ысык-Көл жана Нарындагы реформага 320 млн сом жумшалды

Кыргызстанда башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл жерлеринде социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган административдик-аймактык реформа жүргүзүлүүдө.

 

Пилоттук долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ирилештирилди. Алсак, Түп районунда 13 айыл өкмөт 5ке, Нарын облусундагы 63 айыл өкмөтү 27ге кыскарган. Бул үчүн бюджеттен жалпысынан 320 миллион сом жумшалды.