Соодагерлер ижарага алган жерлери үчүн жарым млрд сомдон ашык акча төлөштү

Кыргызстанда соодагерлер ижарага алган жерлери үчүн жарым миллиард сомдон ашык акча төлөштү. Ушул жылдын тогуз айынын маалыматтарын Улуттук статистикалык комитет берди.

 

Каражаттын негизги бөлүгү кийим-кече саткандардан түшкөн.

 

Ошол эле учурда Бишкек базарларынын сатуучулары эң көп акча төлөшөт. Белгилеп кетсек, республика боюнча жалпысынан 346 базар бар.