Таластагы Киров суу сактагычына курулган «Бала-Саруу» ГЭСи ишке кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон чакан ГЭС үч генераторлуу, жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бул Талас облусундагы 19 миң абоненттин электр энергияны керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Курулушка жалпысынан 2 млрд 800 млн сом жумшалган. Эске салсак, аталган гидроэлектрстанцияга 2021-жылдын август айында капсула салынган.
«Бала-Саруу» ГЭСинин ачылышына катышкан президент Садыр Жапаров алдыда “Орто-Токой” жана “Папан” суу сактагычтарында да ГЭСтер куруларын билдирди.