Бишкектеги Көлмө конушунда китепкананын курулушу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, үч кабаттуу китепкананын окуу жана абонемент бөлмөлөрү бар, биринчи жана экинчи кабаттарда 78 адамга чакталган окуу залдары болот.
Учурда китепкананын 1-кабатына кыш кыноо, ал эми 3-кабаттын полун бекемдөө иштери жүрүп жатат.