Ак-Талаа районунун энергетиктери келе жаткан күз-кыш сезонуна даярдыкты баштады. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бир катар иштер пландалды.
Алсак, 30 мамы жаңыларына алмаштырылат, 36 трансформатор оңдолуп, жаңы электр өткөрүү линиялары тартылат. Андан тышкары, Жаңы-Талап, Чолок-Кайың жана Терек айылдарында ашыра жүк келүү менен иштеп жаткан трансформаторлор алмаштырылат.
Бул иштер калк жашаган түйүндөрдө электр энергиясынын сапатын жакшыртат деп күтүлүүдө.