Токтогул сактагычына суу толуп баштады

Токтогул сактагычына суу толуп баштады. “Электр станциялары” компаниясынын маалыматына ылайык, күн жылып, жылуулук сезону жыйынтыкталгандыктан, башкы резервуарга нымдуулук көбүрөөк толуп жатат.

 

Учурга карата секундасына 233 кубометр суу келип жатса, чыгышы 145 кубга барабар. Учурга карата Токтогул суу сактагычында жалпысынан 7 миллиард  900 миллион куб нымдуулук бар.