Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы эң ири күн электр станцияларынын биринин курулушун каржылайт

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы эң ири күн электр станцияларынын биринин курулушун каржылайт. Бул тууралуу банктын сайтында жазылган. Кеп Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы кубаттуулугу 300 мегаватка жеткен станция жөнүндө болуп жатат.

 

Евразия өнүктүрүү банкы 15 жылга 210 миллион долларга чейин каражат бөлөт. Объектти ишке киргизүү 2025-жылдын аягына пландалууда.

 

Долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун жогорулатып, электростанция эл аралык экологиялык жана техникалык стандарттарга жооп берери белгиленген.