Сузактагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү 50%га аяктады

Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу 50%га аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Белгиленгендей, курулушу 2020-жылы башталган оорукана 40 орунга ылайыкташтырылган. Эки кабаттуу имаратка 68,5 млн сом сарпталган.

 

Объектти ушул жылы пайдаланууга берүү пландалууда.