Бишкекте ооруканалар кадимки тартипте жатат

Бишкекте ооруканалар кадимки тартипте жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

 

Анын айтымында, амбулатордук кабыл алуулар уланууда, кызматкерлер жеринде. Төрөт үйлөрү да иштеп жатат. Бирок пландалган операциялар токтотулду.

 

Ошондой эле учурда ооруканаларды альтернативдүү энергия булактарына өткөрүү мүмкүндүгү боюнча маалымат чогултулууда.