ТЭЦтеги жарылуудан жабыркагандар Түркияга жөнөтүлүшү мүмкүн

Бишкек ТЭЦиндеги жарылуудан күйүк алгандар Түркияга жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги менен байланышкан. Бүгүн аталган өлкөнүн мыкты комбустиологдорунун (күйүк боюнча хирург) бири профессор Корай Даш менен онлайн консультация өтөт. Анда жабыркагандарды дарылоонун ыкмасы, жолдору талкууланат.
Министрликтен эртең, 3-февралда, түркиялык эки адистин келиши күтүлүп жатканын белгилешти. Алар жергиликтүү адистер менен биргеликте жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүшөт.
«Андан ары зарылчылык жаралса күйүк алган жумушчуларды Түркияга жөнөтүү каралат», — дешти министрликтен.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ТЭЦинде авария катталды. Мындан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүп, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия иштеп жатат.
Жарылуудан беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Медиктер экөөнүн абалы оор экенин билдирди. ТЭЦке президент баштаган бийлик өкүлдөрү барды.