Бишкекте жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында эт саткандар текшерилүүдө

Бишкектин базарларына жана эт күркөлөрүнө социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул сатылып жаткан азыктардын санитардык ченемдерин сактоо жана малдан адамга жугуучу күйдүргү, бруцеллез жана эхинококкоз ооруларынын таралышын болтурбоого багытталган.

Рейддин жүрүшүндө Октябрь районундагы Орто-Сай базарында айрым мыйзам бузуулар менен эт сатуу түйүнү аныкталып, акт түзүлүп, шаардык ветеринардык кызматы тарабынан андан аркы териштирүү үчүн азыктын үлгүсү алынды. Биринчи май районунда эт азыктарын саткан 14 соода түйүнүндө профилактикалык рейддер өткөрүлдү.

 

Мындан тышкары, бардык эт сатуучуларга оорулардын алдын алуу эрежелери, ошондой эле тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.