Тик учак кырсыгында жаракат алган адамдардын абалы туруктуу

Бишкектеги тик учак кырсыгында жаракат алган адамдардын абалы туруктуу. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан төрт адамдын экөө бүгүн палатага которулат.

 

Улуттук госпиталга жеткирилген эки аскер кызматкеринин да абалы туруктуу.

 

17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын жайгашкан “Фрунзе-1” авиабазасында аскердик тик учак кулап, андагы экипаждын мүчөсү каза болгон. Дагы 10 адам жабыркаган.

 

Учурда бул иш боюнча кызматтык териштирүү жүрүүдө.