Жалал-Абад шаарынын аймагындагы кооптуу деп эсептелген сел каналдар тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ал үчүн жергиликтүү бийликтен атайын техника тартылып, кооптуу делген 1 миң 650 метр сел канал толугу менен тазаланды.
Ведомстводон кошумчалашкандай, жыл башында шаардык Жарандык коргонуу кызматтарына сел каналдарды тазалоо боюнча атайын эскертмелер берилип, анын негизинде тишелүү жумуштар аткарылууда.