Бишкекте жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Ага ылайык, бүгүн, 31-майда саат 11:13тө Казакстандын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Бишкек шаарынын аймагында 3,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.