Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкүлөрүн мажбурлап түшүрүү иштерин жүргүзөт.
Бул тууралуу Novost.kgге оперативдүү бөлүмдүн башчысы Болот Шаршеналиев билдирди.
Анын айтымында, иштер Бишкек – Ош унаа жолунун бир нече тилкесинде жана башка жолдордо да пландалууда.
Кар көчкүлөрдү түшүрүү жумуштары эртең, 12-январда башталып, болжол менен 18-январга чейин уланат.
Кар массаларын жасалма жол менен түшүрүү жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл экени белгиленди.