Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Жаан-чачынга байланыштуу 12-майга чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн.
Туруксуз аба-ырайы транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратат.