Патент менен иштегендер бир айдын ичинде башка салык режимине өтүшү керек

Салык кызматы патенттин негизинде соода кылган ишкерлердин башка салык режимине өтүүсүнө бир ай калганын эскертти.
Эскерте кетсек, 1-июлдан тартып патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер жалпы же бирдиктүү салык режимдерин тандай алышат.
«Стратегиялык объектилерге кирген «Дордой» жана «Тураталы эл базары» («Кара-Суу») базарлары өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү», — деп жазылган маалыматта.
Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, базар администрацияларынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.