Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Барскоон кичи ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 7,5 МВт, ал эми наркы 700 млн сомду түзөт. Жабдуулар Австриядан алып келинет.
Долбоордун алкагында узундугу 5 чакырымга канал жана 300 чарчы метр аянттагы имарат курулат. ГЭСтин кубаттуулугу жылына 38 млн киловатт-саат.
Объект 2025-жылдын сентябрында ишке кирет деп пландалууда.