Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында бала бакчалар жайгашат

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында бала бакчалар жайгашат.

 

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, улуттук курулуш нормалары кабыл алынды.

 

Аларга ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин жоюу максатында көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи жана экинчи кабаттарында бала бакчалар ачылат.