Президент мектептерде 12 жылдык окуу системасына макул экенин билдирди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мектепте 12 жылдык билим берүүгө макул экендигин билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы жарыялаган мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнү өнүктүрүү боюнча 13-мартта өткөн жыйындын видеосунда айтылат.

 

Анда президент Жапаров билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен 12 жылдык окуу системасы жөнүндө учкай талкуулаган.

 

«Азыр бизде нөлүнчү класстан 11-класска чейин болуп жатат. Эгерде сиз 12 жылдыкты киргизе турган болсоңуз, нөлүнчү жоюлуп, биринчи класс деп эсептелет. Эч айырмасы жок экен. Анда буга макулбуз. Нөлүнчүдөн баштап 12 жылдык болсо, ата-энелер каршы чыкканын билебиз», — деди Жапаров.

12 жылдык окуу системасы качан киргизилери боюнча маалымат айтылган жок.

 

Буга чейин мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүргөн. Анда даярдоо классы (0-класс) жоюлуп, балдар алты жаштан дароо эле 1-класста окуй башташат. Бул сунуш социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.

 

Кыргызстанда эки миңден ашуун мамлекеттик мектеп бар, аларда бир миллиондой окуучу билим алат.