Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров футбол боюнча улуттук курама командага автобус белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, бир күн мурун, 6-июнда, Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын беттеши өткөн. Оюндан кийин футболчулар менен жолугуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырган.