ИИМ туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого толук даяр

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого толугу менен даяр. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн Чолпон-Ата шаарында жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.

 

Белгилегендей, учурда республиканын аймагында 4 миңден ашуун видео-камералар күнү-түнү иштеп жатат.