Кара-Көл: жаңы жылдык балатыны өрттөгөндөр кармалды

Кара-Көл шаарында жаңы жылга карата жасалган балатыны өрттөгөндөр кармалды.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-декабрда саат 05:00 чамаларда милицияга телефон чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жаткандыгы кабарланган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар чогултулган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында окуяга шектүүлөр аныкталган.

Алар 2002-жылы туулган С.Б., 2004-ж.т. А.Н., 2004-жылы туулган К.Н. жана 2005-жылы туулган А.А. экендиги жана балатыны күйөбү же жокпу деп ойноп от коюп жиберишкени, ал тутанып кеткенде өчүрүшө албай калгандыгы такталган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.