Чаткалдагы Ала-Бука — Жаңы-Базар унаа жолунун (198-203-чакырым) Кара-Буура ашуусуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Көчкүнүн көлөмү 51 миң метр кубду түзөт. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.