Кыргызстанда бир жылда 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгон категориядан чыкты

Кыргызстанда бир жылда 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгон категориядан чыкты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

 

Ведомстводон маалымдашкандай, өткөн жылдын май айында дээрлик 324 миң 16 жашка чейинки бала же 97 миң муктаж үй-бүлө ай сайын берилүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алышкан. Быйыл май айында аталган жөлөк пул 279 миңдей балага же 81 миңден ашыгырак үй-бүлөгө гана төлөндү.

 

Жалпысынан ушул жылдын июнуна карата Кыргызстанда 44 миң 900 бала же 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгондор категориясынан чыгарылган.