Нарын шаарында жаңы спорт комплексин курууга 77,7 миллион сом жумшалат

Нарын шаарында жаңы спорт комплексин курууга 77,7 миллион сом жумшалат.  Бул тууралуу маалымат электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

 

Мамлекеттик курулуш комитетине караштуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы сатып алуучу тарап болуп саналат. Курулуштун аяктоо мөөнөтү жөнүндө так маалымат жок. Каржылоо республикалык бюджеттен каралгандыктан тараптар бекиткен календарлык графикке ылайык жүргүзүлөт.