Кыргызстандыктар көбүрөөк кичи насыяларды алып баштады

Кыргызстандыктар көбүрөөк кичи насыяларды алып баштады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жылдын биринчи кварталында  190 миң адам кредит алды.

 

Берилген жалпы сумма 11 миллиард сомго жетет. Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, кичи насыя алгандардын саны 27 пайызга өстү.

 

Банктардан акча алгандардын көбү Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары. Насыялар керектөө муктаждыктарына алынган, андан тышкары, айыл чарбачылыгын, соода, коомдук тамактануу жана курулуш тармактарындагы ишкердикти өнүктүрүүгө берилген.