Ошто эки деңгээлдүү жол түйүнү курулат

Ошто эки деңгээлдүү жол түйүнү курулат.

 

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, ал Монуев – Шакиров – Алимжанов көчөлөрүндө жайгашат. Профилдик кызматтарга курулуш иштерин баштоо, айрым объектилерди түрттүрүү, коммуникацияларды жылдыруу  тапшырмасы берилди.

 

Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында жол кеңейтилип, тротуар курулуп, ирригациялык тармак өткөрүлөт.