Бишкек – Ош жолундагы Көлбаев атындагы туннель ушул жылы оңдолот

Бишкек – Ош жолундагы Көлбаев атындагы туннель ушул жылы оңдолот.

 

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди. Анын айтымында, калыбына келтирүү иштери Төө-Ашууда аба-ырайы турукташкандан кийин дароо башталат. Эске салсак, туннель 1962-жылы курулган. Ал Төө-Ашууда 3 миң 200 метр бийииктикте жайгашкан.

 

Жер алдындагы өтмөктүн жалпы узундугу 2,5 чакырымды түзөт.