Ысык-Көлдө жолдорду оңдоо иштери туристтик сезондун башталышына чейин, май айында жыйынтыкталат

Ысык-Көлдө жолдорду оңдоо иштери туристтик сезондун башталышына чейин, май айында жыйынтыкталат. Буга Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев ишендирүүдө.

 

Ал белгилегендей, өткөн жылы айрым тилкелерде ремонт аягына чыкпай, 13 чакырымдай калган. Майдын аягына чейин иштерди толугу менен бүтүрүү пландалууда. Ал эми Чолпон-Ата шаарындагы жолдор сезон жыйынтыкталганда, күз айларында башталат, — деди Бариев.