Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, эски металл конструкциялардын ордуна заманбап LED-экрандар орнотулат.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин заманбап экрандарга алмаштырууну тапшырган.
Демонтаждоо иштерин мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө.