Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 08:13тө катталган.

 

Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 25 чакырым, Түп районунун Кең-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 32 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 103 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу аймактарында жердин силкинүүсү сезилген эмес.

 

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.