Чүй облусунда эки завод курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.
Биринчиси Сокулук районунда пайда болот. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча завод курулуп, 250 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Бул үчүн 1,5 гектар жер трансформацияланды. Ошондой эле Кара-Балта шаарында “Полиэстр жана лайкр кездемесин өндүрүү боюнча заводду куруу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.