Кыргызстанда дары-дармекти көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы иштеп жатат

Кыргызстанда дары-дармекти көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы иштеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, тиркемени бардык жарандар смартфонуна көчүрүп, QR-код аркылуу препарат тууралуу бардык маалыматты ала алат.

 

Жаңычылдык кмыйзамсыз ташылган продукция менен күрөшүүгө жана дарылардын сапатын жакшыртууга жардам берет.

 

Андан тышкары, рынокко толук көзөмөл киргизилип, медициналык буюмдардын баасын жөнгө салууга мүмкүн болот деп күтүлүүдө.