Майлуу-Сууда кышка даярдык көрүлүүдө

Майлуу-Сууда кышка даярдык көрүлүүдө. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, жергиликтүү жылуулук менен камсыздоо ишканасында түтүктөр орнотулуп, буу казандардын бирине артезиан суусу өткөрүлдү.

 

Бир катар иш-чаралар планын аткарууга каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

 

Эске салсак, ушул жылдын 13-январында Майлуу-Сууда чукул кырдаал режими жарыяланган. Катуу сууктан улам шаардагы түтүктөр тоңгон. Жыйынтыгында, кыштын күнүндө жергиликтүү тургундар жылуулуксуз жана суусуз калган.