Кыргызстанда жашоо минимуму 8 миң 144 сомду түздү.
Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына карата маалыматты Улуттук статистика комитети тартуулады. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 388 сомго көп.
Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.