Быйыл дан эгиндери 15 пайызга аз жыйналды

Быйыл дан эгиндери 15 пайызга аз жыйналды. Улуттук статистика комитети айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жумуштары аяктап жатканын билдирди.

 

Мекеменин баяндамасында белгиленгендей, 23-октябрга карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречиханы кошпогондо) 579 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,2% көп.

 

Бирок бастырылып алынган салмакта 1 миллион 600 миң тонна дан жыйналган, бул өткөн жылдан 15%га аз.