Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $10,8 млрд түздү

Жыл башынан бери Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 10 млрд 800 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалым болду.

 

Белгиленгендей, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26 пайызга көп.

 

Мында экспорттук жеткирүүлөр дээрлик 50 пайызга, ал эми импорттук түшүүлөр 21 пайызга көбөйгөн.