Нарын облусунун Кочкор районунда “Шамшы” суу сактагычынын жана ирригациялык каналдын курулушу уланууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, объект ишке киргенде кошумча 1 миң 700 гектар айдоо аянты суу менен камтылып, суу камсыздоо көрсөткүчү 2 миң 800 гектарга жеткирилет.
Курулуш иштери 31-августка чейин аяктайт деп пландалууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.