Кыргызстандын айыл чарба тармагында кийинки жылы каттоо өтөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Каттоо өнөктүгүндө айыл чарбанын түзүмү жөнүндө маалымат чогултулат.
2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин мал жана үй канаттууларынын санын каттап, кайра санап чыгуу каралууда.
Ал эми быйыл күзүндө Ош облусунун Араван району менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл аймактарында сынамык иретинде каттоону өткөрүп көрүү пландалып жатат.