Кыргызстанда мал эмдөө башталды

Кыргызстанда мал эмдөө башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн шарп, сибирь жарасы, кой-эчкилердин кыргын, күл ылаңдарына каршы вакциналар жана жылкылардын маңка ылаңына каршы диагностикумдар жер-жерлерге таратылды.

 

Белгилеп кетсек, аталган вакциналар мамлекет тарабынан бекер камсыздалат, мал ээлери жеке ветеринардык адистин кызмат акысын гана төлөйт.