Ысык-Көл облусундагы сел 17 үйдү каптап, ички көпүрөнү жууп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, нөшөрлөгөн жамгырдан улам Бактуу-Долоноту суусу жана Жүдөмүш каналындагы суу нугунан чыгып кеткен.
Сел Тогуз-Булак, Бактуу-Долоноту, Булан-Сөгөттү, Бостери айылдары менен Чолпон-Ата шаарында жүрдү.
Жерине куткаруучулар, техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.