Каракол шаарынын башкы планын түзүүгө 18 млн сом сарпталат

Каракол шаарынын башкы планы түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

 

Маалыматка ылайык, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы башкы планды иштеп чыгуу жана шаардын топографиялык сүрөттөрүн даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер жарыялады. Бул максаттарга 18 млн 229 миң 43 сом сарптоо пландалууда.

 

Долбоордун аймагына ошондой эле Челпек, Черик, Беру-Баш, Жаңы-Арык, Жол-Колот жана Маман айылдары кирет.